Бишкекте контрафакттык арак чыгаруучу цех аныкталды

Бишкекте контрафакттык арак чыгаруучу цех аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери салыктык көзөмөл боюнча рейд учурунда Бишкек шаарындагы контрафакттык алкоголдук продукция өндүрүлгөн жашыруун цехти аныкташты.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, "Арча-Бешик" конушунда жайгашкан цехтин имаратын текшерүүдө төмөндөгүлөр табылды:

  • 122 даана жасалма алкоголдук продукция,
  • Келип чыгышы шектүү 2 180 акциздик марка,
  • Спирттик өзгөчө жыты бар 110 литр суюктук,
  • Куюу үчүн колго жасалган жабдуулар,
  • Ар кандай аталыштагы алкоголдук продукциялардын этикеткалары жана айнек идиштери.
Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлдү.

Салык кызматы мындай рейддер калктын саламаттыгына жана рыноктогу мыйзамдуу өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгына багытталганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып