Бишкекте Жаңы жыл түнү майрамдык салют атылабы?

Бишкекте Жаңы жыл түнү майрамдык салют атылабы?

Быйыл борбор калаада Жаңы жылга карата салют атылбайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 31-декабрь күнү Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында кечки саат 18:00дөн тарта шаар тургундары жана коноктору үчүн ата мекендик артисттердин катышуусунда концерттик программа уюштурулат. Майрамдык иш-чара экологиялык талаптарды эске алуу менен фейерверксиз өтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?