БШК №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоону каржылоо 18 млн сомдон ашык каражат талап кылат

БШК №13  шайлоо округу боюнча кайра шайлоону каржылоо 18 млн сомдон ашык каражат талап кылат

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттарын №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасын бекитти.

Мекемеден билдиришкендей, кайра шайлоо 2026-жылдын 1-мартында өткөрүлөт. Каржылоонун жалпы көлөмү 18 миллион 507 миң сомду түзөт. Каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнөт.

Бекитилген сметага шайлоо процессин уюштуруу жана маалыматтык камсыздоо, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, ошондой эле тартылган адистерге эмгек акы төлөө чыгымдары киргизилген. Ошондой эле добуш берүү күндөрү тамак-аш үчүн суткалык төлөмдөр, шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алуулар, шайлоо участокторун техникалык жабдуу, маалыматтык материалдарды даярдоо, окутуу иш-чараларын өткөрүү жана кызматтык сапарлар боюнча чыгымдар каралган.

Смета 15 адамдан турган бир округдук шайлоо комиссиясынын жана жалпы саны 965 мүчөнү камтыган 94 участкалык шайлоо комиссиясынын ишин эске алуу менен эсептелген. Алардын ичинде:

  • добуштарды автоматтык эсептөөчү урналардын 188 оператору,
  • шайлоочуларды идентификациялоо жабдууларынын 188 оператору,
  • жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызмат көрсөтүүчү 55 оператор,
  • 24 техникалык колдоо адиси бар.

Мындан тышкары окуңуз

“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

Ички иштер министрлиги коомдогу терс көрүнүштөр менен күрөшүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө максатында “Коррупцияга жол жок!” деп аталган жалпы улуттук челленджди баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул иш-чара Президенттин “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулууда.

Ишкер Media
Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке жөө жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн дагы 1600 автобус жетишсиз. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев УТРКга берген маегинде билдирди. Шаар башчысынын айтымында, азыр шаарда 1500 автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. "Жаңы конуштарды транспорт менен камсыз кылуу жана аларды Чүй облусунун жакынкы айылдарына чейин узартуу маселеси бар", - деди Айбек Жунушалиев.

Ишкер Media
ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (ӨКӨФ) жетекчилиги Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрү менен туризм тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, өткөн жумада Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңсесинде ӨКӨФтүн жетекчилиги менен Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө

Ишкер Media
Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик ишканалар реформасын талкуулады

Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик ишканалар реформасын талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы жетекчиси Хью Ридделл менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда мамлекеттик катышуусу бар ишканалар секторундагы реформалар, активдерди натыйжалуу пайдалануу жана корпоративдик башкарууну жакшыртуу маселелери талкууланды. Тараптар Швейцариянын SECO уюму каржылаган жана Дүйнөлүк банк ишке ашырган "Мамлекеттик

Ишкер Media