ИИМ өлкөдө пиротехника сатуу жана колдонуу боюнча рейд өткөрүүдө

ИИМ өлкөдө пиротехника сатуу жана колдонуу боюнча рейд өткөрүүдө

Жаңы жылдык майрамдардын алдында Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкө аймагында жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу максатында "Пиротехника" рейдин өткөрүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

ИИМ кызматкерлери пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз сатууга жана колдонууга катуу көзөмөл жүргүзүүдө. Рейддин негизги максаты – пиротехника колдонулушу менен байланышкан өрттөрдүн, жаракаттардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу.

Текшерүүлөр базарларда, соода түйүндөрүндө жана көптөгөн жарандар чогулган жерлерде жүргүзүлүүдө. Пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз сатуу фактылары, ошондой эле сактоо жана сатуунун эрежелерин бузуу аныкталса, дароо бөгөт коюлат.

ИИМ жарандарды пиротехниканы коопсуз колдонууга чакырат: буюмдарды уруксат берилген жерлерден гана сатып алуу, сапат тастыктамалары жана колдонуу нускамаларын текшерүү, ошондой эле мыйзамсыз соодага катышпоого көңүл буруңуздар.

Эске салсак, пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз сатуу жана колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып