Курулуш министрлиги быйыл кандай ири долбоорлорду ишке ашырды?

Курулуш министрлиги быйыл кандай ири долбоорлорду ишке ашырды?

Курулуш министрлиги быйылкы жылдын жыйынтыгын чыгарып, өлкө боюнча бир катар ири долбоорлорду ишке ашырганын маалымдады.

Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

• "Манас" эл аралык аэропортундагы ири реконструкция иштери
• "Ош" эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин курулушу
• Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан «Ала-Тоо Resort» комплекси
• Таласта "Баластан" балдар оюн-зоок борбору
• Биринчи жолу "Манас Ордо" комплексинде ири реконструкциялык иштер жүргүзүлдү

Ошондой эле министрлик жарандарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана курулуш тармагын оптималдаштыруу максатында бир катар реформаларды ишке ашырды:

• 2025-жылы Инженердик изилдөөлөр департаменти түзүлүп, мамлекеттик жөнгө салуу күчөтүлдү
• "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын филиалдары Талас жана Ош облустарында ачылып, аймактык долбоорлоо жана курулуш кызматтары кеңейди
• Республика боюнча архитектура башкармалыктары үчүн 16 административдик имараттын курулушу башталып, 5и пайдаланууга берилди
• Ош облусунда Жер титирөөгө туруктуу курулуш институтунун Түштүк филиалы, ал эми Чолпон-Атада Сертификаттоо борборунун филиалы ишке кирди

Мындан тышкары, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу максатында уруксат берүүчү документтерди алуу жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул чаралар Президенттин мамлекеттик башкарууну дебюрократиялаштыруу саясатына шайкеш жүргүзүлдү.

Быйылкы жылдын жыйынтыгы көрсөткөндөй, министрлик ири инфраструктуралык долбоорлорду ийгиликтүү жүзөгө ашырып, курулуш тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошту, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media