Н.Орунтаев Кара-Суудагы архитектура башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

Н.Орунтаев Кара-Суудагы архитектура башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

Бүгүн, 30-декабрда Кара-Суу шаарында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Ош облусунун Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш-чарага министр Нурдан Орунтаев, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана тармактын кызматкерлери катышты.

Курулуш министри куттуктоо сөзүн айтып, тармактын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Жаңы имараттын курулушу 2025-жылдын май айында башталып, заманбап стандарттарга ылайык бүткөрүлдү. Бул имарат кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын камсыз кылып, жарандарга кызмат көрсөтүүнү жеткиликтүү жана ылдам кылат.

Эске салсак, буга чейин башкармалыктын өзүнчө имараты болбогондуктан, кызматкерлер 1951-жылы курулган эки кабаттуу турак үйдүн биринчи кабатында ижарада иштеп келишкен. Жаңы имарат кызматкерлердин жана жергиликтүү тургундардын күнүмдүк ишин жеңилдетип, тармактын ишмердүүлүгүнө жаңы дем берет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып