Ноокатта шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ноокатта шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 30-декабрда Ош облусунун Ноокат районунда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы 3 кабаттуу административдик имараты салтанаттуу түрдө ачылды.

Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чарага министр Нурдан Орунтаев, жергиликтүү жетекчилер жана тармактын кызматкерлери катышты. Министр жаңы имарат заманбап шарттарды түзүп, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө болорун белгиледи. Ошондой эле кызматкерлерди келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө тармактын мыкты кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

Маалыматка ылайык, имарат 2025-жылы курулуп, алты айда бүткөрүлгөн. Жалпы аянты 960 чарчы метрди түзөт. Белгилей кетсек, мурунку имарат 1957-жылы курулуп, аянты 330 чарчы метр болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып