Өзбекстандан келген канаттуу эти текшерүүдөн өтпөй, артка кайтарылды

Өзбекстандан келген канаттуу эти текшерүүдөн өтпөй, артка кайтарылды

Бишкекке Өзбекстандан импорттолгон канаттуулардын эти "ТИ Кант" мамлекеттик ишканасынын убактылуу сактоо кампасындагы ветеринардык көзөмөлдө Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына жооп бербегени аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Продукция "FAYZ PARRANDA" ЖЧКдан Бишкектеги "ТТ.Топ.Трейд" ЖЧКга келген. Лабораториялык изилдөөлөрдө антибиотиктердин курамы жол берилген ченемден ашык экени белгилүү болду. Изилдөөлөр аккредитацияланган лаборатория тарабынан жүргүзүлүп, алынган жыйынтыктардын ишенимдүүлүгү тастыкталды.

Ветеринардык көзөмөлдүн жана Бажы бирлигинин чечимине ылайык, эт 11-декабрдагы ветеринардык сертификаттын негизинде кайтарылды.

Калктын саламаттыгын коргоо максатында импорттук азыкка көзөмөл мындан ары да улантылат, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

В Кыргызстанда 11 айда 8 614  жеке турак үй курулган

В Кыргызстанда 11 айда 8 614 жеке турак үй курулган

2025-жылдын январь–ноябрь айларында Кыргызстанда жалпы аянты 1 174,7 миң чарчы метрди түзгөн 8 614 жеке турак жай пайдаланууга берилип, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 8,1%га көп болгон. 2025-жылдын 11 айында жеке турак жай курууга негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү, баалоо боюнча, 34 655,7 млн сомду

А.Касымалиев Бишкектеги ата мекендик азык-түлүк жарманкесине барды

А.Касымалиев Бишкектеги ата мекендик азык-түлүк жарманкесине барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта 27-31-декабрь күндөрү өтүп жаткан ата мекендик азык-түлүк жарманкесине барды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Касымалиев жарманкеде сөз сүйлөп, мындай иш-чаралар ортомчуларды жокко чыгарып, фермерлер жана айыл чарба ишканаларынын продукциясын базар баасынан төмөн

"Манас" аэропортунда туманда учактарды кондура турган жарыктар орнотулуп жатат

"Манас" аэропортунда туманда учактарды кондура турган жарыктар орнотулуп жатат

Бишкектин четиндеги "Манас" аба майданында III категориядагы (CAT III) жарык белги берүүчү системасы орнотулуп жатканын "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасынын директору Манасбек Самидинов билдирди.  Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, бул система коюлгандан кийин коюу туман түшкөндө дагы учактардын конуусуна мүмкүнчүлүк берерин билдирди. Бул иштер январь айында

Жаңы жылда аймактарга каттаган автобустар үзгүлтүксүз иштейт

Жаңы жылда аймактарга каттаган автобустар үзгүлтүксүз иштейт

Жаңы жыл майрамында жана эс алуу күндөрү жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөндүктөн, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти шаарлар жана облустар аралык автобустарды үзгүлтүксүз каттоосун камсыз кылат. Министрликтин маалыматына ылайык, 22-декабрдан тарта Бишкек автобекетинен Ысык-Көл, Нарын жана Талас багыттарына 364 пландуу каттам уюштурулган, 101 автобус кошумча рейстер үчүн