"Тазалыктын" 3 кызматкери Чоң Чүй каналына чөгүп кетти
Бүгүн "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ауэзов көчөсүндөгү өздөрүнө бөлүнгөн аймакты тазалап, жумуш убактысынан кийин үйлөрүнө баратканда саат 8:00–8:30 аралыгында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жана каза болушкан. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев окуя болгон жерге дароо барып, кырдаалды өз көзөмөлүнө алды. Мэр болгон окуяны ыкчам жана ар тараптуу иликтөө боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Издөө иштеринин жыйынтыгынан кийин каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө "Тазалык" ишканасынын профсоюз комитетинин каражаттарынан тышкары, шаардык резервдик фонддон да жардам көрсөтүү тапшырылды.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, тиешелүү иш-чаралар улантылууда. Бул факт Бишкек шаарынын мэринин жеке көзөмөлүндө.


