"Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттары убактылуу жабылат
Жаңы жыл майрамына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.
УКМКнын Чек ара кызматы маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-январында аталган өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.
Өткөрүү иши "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пунктунда 2026-жылдын 1-январында саат 22:00дөн тартып, ал эми "Торугарт" өткөрүү пунктунда 2026-жылдын 2-январында саат 08:00дөн тартып кайрадан жандандырылат.
Чек ара кызматы жарандарды жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын мамлекеттик чек арадан өтүүнү алдын ала пландаштырууда бул маалыматты эске алууга чакырат.