Бишкек шаарынын мэриясы муктаждарга гуманитардык жардам көрсөттү

Бишкек шаарынын мэриясы муктаждарга гуманитардык жардам көрсөттү

Жаңы жылды утурлап, Бишкек шаарынын  мэриясы "Акун" ЖАК менен биргеликте социалдык жактан аялуу тургундарга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаар мэриясынын жана ага караштуу административдик райондордун жардамы менен гуманитардык жардам борбор калаанын төрт районуна таратылды. Азык-түлүк баштыктары райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына жеткирилип, ал жерден ар бир райондогу 75 үй-бүлөгө таратылды. Жалпысынан 300 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү.

"Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпулун алуучуларга, оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана аз камсыз болгон жарандарга жардам көрсөтүлдү.

Ар бир үй-бүлөгө азык-түлүк баштыктары берилди. Анда 5 килограмм ун, 10 килограмм макарон, кесме (китлап) жана пахта майы бар.

Жаңы жылдык колдоо үй-бүлөлөр, айрыкча майрамдарга карата социалдык колдоого муктаж болгондор үчүн маанилүү жардам болду.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы айрым салык төлөөчүлөргө жеңилдик берүүнү сунуштады

Салык кызматы айрым салык төлөөчүлөргө жеңилдик берүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде бирдиктүү салыкты жана сатуудан алынуучу салыкты эсептик каттоого турган жери боюнча эмес, салыктык катталган жери боюнча төлөгөндөрдү салыктык жоопкерчиликтен бошотууну сунуштады. Буга чейин айрым салык төлөөчүлөр аталган салыктарды эсепке турган жеринин ордуна салыктык катталган жери боюнча төлөп

“Манас Деми” эл аралык марафонунун байге фонду 1 млн сомду түзөт

“Манас Деми” эл аралык марафонунун байге фонду 1 млн сомду түзөт

19-сентябрда Талас шаарында экинчи жолу Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн келген жөө күлүктөр жарышат.  Прзедиенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, жарыш "Манас Ордо" улуттук тарыхый-маданий комплексинин аймагында өтөт. Быйыл уюштуруучулар 1,5 миңге жакын катышуучуну күтүп жатат.  Программада 21,1 км, 10 км жана 3

Кыргызстанда күйүүчү майга 1 млрд сом субсидия төлөндү

Кыргызстанда күйүүчү майга 1 млрд сом субсидия төлөндү

Кыргызстанда бензин, дизель майы жана автогаздын чекене баасын кармап туруу үчүн мунай сатуучуларга дээрлик 1 млрд сом субсидия төлөндү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Маалыматка таянсак,, күйүүчү майдын өздүк наркы май куюучу жайлардагы баадан кыйла жогору. Айырмасын мамлекет бюджеттин эсебинен компенсациялап жатат. Мисалы, АИ-92 бензининин чыныгы

Ч.Айтматов проспектисинде светофорлор жаңыланууда

Ч.Айтматов проспектисинде светофорлор жаңыланууда

Чыңгыз Айтматов проспектисинде светофорлорду алмаштыруу жана жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда адистер светофорлорду ишке киргизүү алдындагы жөнгө салуу иштерин жүргүзүп, алардын фазаларын жана иштөө циклдерин тууралашууда. Буга байланыштуу айрым кесилиштердеги кошумча светофор секциялары убактылуу иштебей турат. Маалыматка ылайык, эки күндүн ичинде светофорлордун фазалары жана иштөө циклдери толук