Жаңы жыл түнү коомдук транспорттор канчага чейин иштейт?
Борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында Жаңы жыл түнүндө Бишкек шаарындагы коомдук транспорттун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-декабрдан 1-январга караган түнү коомдук транспорт түнкү саат 2:00–3:00гө чейин иштейт. Шаар тургундарына жана конокторуна кызмат көрсөтүү үчүн негизги каттамдарда 300дөн ашык автобус каттамга чыгарылат.
Кабыл алынган чаралар жаңы жылдык майрамдык иш-чаралар маалында шаар ичинде жүрүүнү жеңилдетүүгө, ошондой эле коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого багытталган.