Шаар башкармалыгы дем алыш сайын өтүүчү айыл чарба жарманкесине чакырат

Шаар башкармалыгы  дем алыш сайын өтүүчү айыл чарба жарманкесине чакырат

2025-жылдын 11-октябрынан тартып, ар бир ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкекте жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана дыйкандар катышкан айыл чарба жарманкелери үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.

Жарманкелердин негизги максаты шаар тургундарын арзан баадагы айыл чарба азыктары менен камсыз кылууга көмөктөшүү, ошондой эле жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана ортомчуларсыз түз сатууну өнүктүрүү. Жарманкелер төмөнкү  даректерде  өткөрүлөт:

Биринчи май районундагы Т. Усубалиев аянты;
Свердлов районундагы Токтогул жана Мамбетов көчөлөрүнүн кесилиши;
Октябрь районундагы Н. Жетишкаева жана А. Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши.

Жарманкелерде эт жана сүт азыктары, жашылчалар, мөмө-жемиштер жана башка керектүү азыктар  түздөн-түз дыйкандар жана өндүрүүчүлөр тарабынан сатылат.

Дыйкандар жана ата мекендик айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жарманкелерди уюштурууга жана өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен катышып жатышат.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Бүгүн Садыр Жапаров парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна А4 кагазын колдонгонун билдирди. Президент депутаттарды санариптештирүүнү тездетип, "электрондук парламентке" өтүүнү сунуштап, бул аркылуу бюджет чыгымдарын азайтып, импортко көз карандылыкты азайтууга чакырды. Анын айтымында, кагазды сатып алуу көлөмү жыл сайын өзгөрүп турат, бирок дагы деле сатып

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Тбилиси шаарында Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Максат Мамытканов мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, элчи Грузиянын башкы прокурору Георгий Гваракидзе, юстиция министри Паата Салия жана ички иштер министри Гела Геладзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ыйгарым

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га