Берлинде он миңдеген үйлөр электр жарыгысыз калды

Берлинде он миңдеген үйлөр электр жарыгысыз калды

Берлинин түштүк-батышындагы 45 000ге жакын үй жана 2000ден ашык ишкана жогорку чыңалуудагы кабелдердеги өрттөн улам электр жарыгысыз калды. The Guardian билдиргендей, бийлик атайын өрт коюу болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.

Электр жарыгынын өчүрүлүшү 2026-жылдын 3-январында эртең менен, электр станциясынын жанындагы көпүрөдө бир нече жогорку чыңалуудагы кабелдер өрттөнүп кеткенден улам болгон. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү тез арада өчүрүшкөн, бирок келтирилген зыян чоң болгон.

Электр тармагынын оператору Stromnetz Berlin компаниясынын маалыматы боюнча, болжол менен 45 500 үй жана 2200 ишкана электр жарыгысыз калган. Бийликтин маалыматы боюнча, болжол менен 35 000 үй-бүлө 8-январда түшкө чейин электр жарыгы менен камсыз болушат. The Guardian маалыматы боюнча, калгандарынын электр жарыгы бүгүн, 4-январда калыбына келтирилиши күтүлүүдө.

Электр жарыгынын өчүрүлүшү электр тармагына таянган райондук жылытуу системасына да таасирин тийгизди. Кар жаап, температура нөлгө жакын болгондуктан, айрым тургундар жылуулуксуз калышы мүмкүн. Полиция Лихтерфельде районуна болжол менен 160 кызматкерди жөнөтүп, өрт коюу боюнча тергөө иштерин баштады.

Эске салсак, 2025-жылдын декабрь айынын аягында Германиянын Гельзенкирхен шаарында Sparkasse банкынын сейфи тонолуп, аманатчылардын жеке сейф кутуларынан ири өлчөмдөгү накталай акча жана баалуу буюмдар уурдалган.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы Араван жана Ноокат райондорунда рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрлик билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө балык уулоо эрежесин бузган 5 жаран аныкталып, аларга карата 5 административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга аңчылык жана балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Министрлик жарандарды жаратылышка аяр

Ишкер Media
2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарба тармагын тейлеген министрликке 22 млрд сом, экология тармагын тейлеген министрликке 3,6 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу финансы министри Руслан Суйналиев бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Ишкер Media
Асыл тукум заводдо кант кызылчасы үчүн жаңы комбайндар сыналды

Асыл тукум заводдо кант кызылчасы үчүн жаңы комбайндар сыналды

Айыл чарба министрлигине караштуу "Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу" кант кызылчасын өстүрүүдө жаңы технологияларды сыноодо. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, быйыл чарбада пилоттук негизде 10 гектарга Германия жана Франциядан алынган эки сорт үрөн себилип, абалы жакшы деп бааланууда. 2025-жылы завод Беларустан атайын комбайндар - жалбырак

Ишкер Media
Ноокатта 1000 кубдук суу резервуары ачылды

Ноокатта 1000 кубдук суу резервуары ачылды

Бүгүн Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы Улуу-Тоо айылында 1000 м³ көлөмдөгү суу сактоочу резервуар ишке берилди. Бул тууралуу Ноокат районунун администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, ачылышка Жогорку Кеңештин депутаты Р.Рысбаев, Ноокат районунун акими Н.Керимкулов, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратов жана жергиликтүү тургундар катышты. Курулуш 2025-

Ишкер Media