Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү убактылуу жабылат

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү убактылуу жабылат

Бишкектеги Куликовская, Славянская жана Рыбинский көчөлөрүндө канализация куруу иштери жүрүп жатат. Ушуга байланыштуу, 2026-жылдын 4-январынан 5-январына чейин Буденный көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен ЧЧКга чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Шаардык мэриядан билдиргендей, аталган жердеги канализация куруу иштеринде, траншеянын орточо туурасы 1,2 метрди түзөт. Ишти Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүп жатат, ал эми подрядчы - «Агат КЖ-Строй» ЖЧКсы.

💡
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда туризмдин экономикадагы үлүшү 3,8%га жетти

Кыргызстанда туризмдин экономикадагы үлүшү 3,8%га жетти

Кыргызстанда туризм тармагынын экономикадагы ролу өсүп жатат. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча туризм чөйрөсүндө түзүлгөн кошумча дүң нарк 74 млрд сомдон ашып, өлкөнүн ички дүң продукциясынын 3,8%ын түздү. Бул көрсөткүч 2021-жылы 3,2% болгон. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2025-жылы туризм тармагына 87 млн доллардан ашык түз

Кара-Кулжада кум-шагылды мыйзамсыз казгандарга 26 миң сом айып салынды

Кара-Кулжада кум-шагылды мыйзамсыз казгандарга 26 миң сом айып салынды

Кара-Кулжа районунда кум-шагыл аралашмасын тиешелүү уруксатсыз казып алган эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кара-Дарыя дарыясынын жээгинен кум-шагылды мыйзамсыз казып алган эки жарандын ар бирине 13 миң сомдон, жалпы 26 миң сом айып салынды.

Коомдук иштер: беш облуста 1421 адам эмгеги үчүн азык-түлүк алды

Коомдук иштер: беш облуста 1421 адам эмгеги үчүн азык-түлүк алды

Июлда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Талас облустарынын 15 районунда жана 3 шаарында акы төлөнүүчү коомдук иштер жана эмгек үчүн азык-түлүк жардам долбоорлору боюнча 45 демилге ишке ашырылды. "Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги" уюмунун маалыматына ылайык, коомдук иштерге жалпысынан 1421 адам катышып, эмгеги үчүн 410,26 тонна азык-

Чүйдөгү айнек өндүрүүчү ишканада 300 жаңы жумуш орду түзүлөт

Чүйдөгү айнек өндүрүүчү ишканада 300 жаңы жумуш орду түзүлөт

Чүй облусунда айнек продукциясын өндүрүүчү "ГЛАСС ЦЕНТР" ишканасы августтун аягында ишке кирет. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ишканада 300 жаңы жумуш орду түзүлөт. Өндүрүштүк кубаттуулугу айына 12 миң чарчы метр, жылына 144 миң чарчы метрден ашык өндүрүм чыгарууга жетет. Белгиленгендей, долбоордун негизги максаты