ИИМ каргашалуу окуялардын алдын алууну эскертет

ИИМ каргашалуу окуялардын алдын алууну эскертет

Жаңы жылдык майрамдар - кызыктуу эс алып, убакытты пайдалуу өткөрүүгө эң ылайыктуу мезгил. Бул убакта, өзгөчө тоолуу аймактарда эс алганда, коопсуздук эрежелерин катуу сактоону Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта тарип сакчылар Баллон (тюбинг) менен муз тебүү ылдамдыгы жогору болгондуктан, аны башкаруу же тез токтотуу кыйын, ошондой эле тоскоолдуктарга же башка адамдарга урунуунун коркунучу чоң экендигин эскертишет. Көп учурда мындай жагдай кулап кетүү жана оор жаракаттар менен аяктайт. Андыктан каргашалуу окуялардын алдын алуу үчүн тюбингди атайын жабдылган, коопсуз жайларда гана белгиленген эрежелерди так сактоо менен колдонуу керектиги айтылат. Негизги коркунучтар:

 -Жогорку ылдамдык жана көзөмөлдүн жоголушу. Тюбинг чанага салыштырмалуу кыйла ылдам жүрүп, аны башкаруу мүмкүн болбой, көзөмөлсүз кагылышууларга себеп болушу мүмкүн.

-Кагылышуу коркунучу. Дарактарга, таштарга, башка адамдарга же тюбингдерге урунуп кетүү, ошондой эле жолго чыгып кетүү ыктымалдыгы бар.

-Жаракат алуу коркунучу. Жогорку ылдамдыкта кулап кетүү, музга же катуу карга урунуу сөөктүн сынуусуна, мээ чайкалышына жана башка олуттуу жаракаттарга алып келиши мүмкүн, айрыкча жатып же туруп тебүүдө.

-Күтүлбөгөн тоскоолдуктар. Трассада башка адамдар же бөтөн нерселер болушу ыктымал.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы Араван жана Ноокат райондорунда рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрлик билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө балык уулоо эрежесин бузган 5 жаран аныкталып, аларга карата 5 административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга аңчылык жана балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Министрлик жарандарды жаратылышка аяр

Ишкер Media
2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарба тармагын тейлеген министрликке 22 млрд сом, экология тармагын тейлеген министрликке 3,6 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу финансы министри Руслан Суйналиев бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Ишкер Media
Асыл тукум заводдо кант кызылчасы үчүн жаңы комбайндар сыналды

Асыл тукум заводдо кант кызылчасы үчүн жаңы комбайндар сыналды

Айыл чарба министрлигине караштуу "Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу" кант кызылчасын өстүрүүдө жаңы технологияларды сыноодо. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, быйыл чарбада пилоттук негизде 10 гектарга Германия жана Франциядан алынган эки сорт үрөн себилип, абалы жакшы деп бааланууда. 2025-жылы завод Беларустан атайын комбайндар - жалбырак

Ишкер Media
Ноокатта 1000 кубдук суу резервуары ачылды

Ноокатта 1000 кубдук суу резервуары ачылды

Бүгүн Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы Улуу-Тоо айылында 1000 м³ көлөмдөгү суу сактоочу резервуар ишке берилди. Бул тууралуу Ноокат районунун администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, ачылышка Жогорку Кеңештин депутаты Р.Рысбаев, Ноокат районунун акими Н.Керимкулов, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратов жана жергиликтүү тургундар катышты. Курулуш 2025-

Ишкер Media