Өзбекстанда электр кубаттоочу станциялар жана алардын компоненттери бажы алымынан бошотулат

Өзбекстанда электр кубаттоочу станциялар жана алардын компоненттери бажы алымынан бошотулат

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгына ылайык, электр унааларын кубаттоочу станциялар жана алардын компоненттери 2028-жылга чейин бажы алымдарынан бошотулат.

Бул тууралуу Сentral Аsia.media маалымдады. Билдирүүгө караганда, Президент экономикалык тармактарды колдоо жана калктын айрым керектөө товарларына болгон муктаждыктарын канааттандыруу жөнүндө жарлыгына кол койду. Жарлыкка ылайык, импорттолгон электр унааларын кубаттоочу станциялар, алардын компоненттери жана тейлөө инфраструктурасы үчүн жабдуулар 2026-2027-жылдар аралыгында бажы алымдарынан бошотулат.

Мындан сырткары жибек өндүрүшүндө колдонулган ийрүү жана токуу машиналарынын запастык бөлүктөрүнө эки жыл бою алымдардан бошотулат. Тыттын уруктары жана көчөттөрү, ошондой эле өнөр жайлык, элиталык жана суперэлиталык жибек курттары алымдардан бошотулган.

Калдыктарды башкаруу тармагында да салык жеңилдиктери киргизилет. 2031-жылдын 1-январына чейин Калдыктарды таштоочу жайларды башкаруу дирекциясы жана санитардык тазалоо жана кайра иштетүү менен алектенген компаниялар киреше салыгын жана социалдык салыкты 1% өлчөмүндө төлөшөт.

Мурда Өзбекстан электромобилдер үчүн жеңилдетилген автонасыяларды киргизери кабарланган. Ошондой эле, аларды кубаттоочу станциялар үчүн өкмөттүн колдоосу күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы Араван жана Ноокат райондорунда рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрлик билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө балык уулоо эрежесин бузган 5 жаран аныкталып, аларга карата 5 административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга аңчылык жана балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Министрлик жарандарды жаратылышка аяр

Ишкер Media
2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарба тармагын тейлеген министрликке 22 млрд сом, экология тармагын тейлеген министрликке 3,6 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу финансы министри Руслан Суйналиев бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Ишкер Media
Асыл тукум заводдо кант кызылчасы үчүн жаңы комбайндар сыналды

Асыл тукум заводдо кант кызылчасы үчүн жаңы комбайндар сыналды

Айыл чарба министрлигине караштуу "Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу" кант кызылчасын өстүрүүдө жаңы технологияларды сыноодо. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, быйыл чарбада пилоттук негизде 10 гектарга Германия жана Франциядан алынган эки сорт үрөн себилип, абалы жакшы деп бааланууда. 2025-жылы завод Беларустан атайын комбайндар - жалбырак

Ишкер Media
Ноокатта 1000 кубдук суу резервуары ачылды

Ноокатта 1000 кубдук суу резервуары ачылды

Бүгүн Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы Улуу-Тоо айылында 1000 м³ көлөмдөгү суу сактоочу резервуар ишке берилди. Бул тууралуу Ноокат районунун администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, ачылышка Жогорку Кеңештин депутаты Р.Рысбаев, Ноокат районунун акими Н.Керимкулов, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратов жана жергиликтүү тургундар катышты. Курулуш 2025-

Ишкер Media