Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушу текшерүүгө алынды

Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушу текшерүүгө алынды

7-январда КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Ысык-Көл көлүн экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынан маалымдагандай, курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталып, “China Road” жана “Алкаташ” компаниясы тарабынан аткарылууда. Долбоорго ылайык, суткасына 14,2 миң куб метр кубаттуулуктагы жаңы канализациялык тазалоочу станциянын арматура токуу иштери жүрүп жатат. Ал эми 12 насостук станциянын жер казуу иштери толук бүткөрүлүп, курулуштун кийинки этабы жүргүзүлүүдө.

Министр курулуш объектисинин негизги бөлүгүнөн тарта, насостук станциялардын курулушуна чейин карап чыгып, курулуш иштеринин мөөнөтүнө жана сапатына тыкыр көңүл буруу керектигин курулушчуларга эскертти.

Долбоор ишке ашкандан кийин Чолпон-Ата шаарынын, Бостери, Бактуу-Долоноту жана Кара-Ой айылдарынын калкы, ошондой эле аталган калктуу конуштардын аймагында жайгашкан баардык пансионаттар, конок үйлөрү жана башка имараттар канализация системасына 100 % кошулат. Бүгүнкү күндө Чолпон Атанын калкынын 30-40 % гана канализация тутумуна кошулган.

Курулуш иштерин 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Бүгүн Садыр Жапаров парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна А4 кагазын колдонгонун билдирди. Президент депутаттарды санариптештирүүнү тездетип, "электрондук парламентке" өтүүнү сунуштап, бул аркылуу бюджет чыгымдарын азайтып, импортко көз карандылыкты азайтууга чакырды. Анын айтымында, кагазды сатып алуу көлөмү жыл сайын өзгөрүп турат, бирок дагы деле сатып

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Тбилиси шаарында Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Максат Мамытканов мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, элчи Грузиянын башкы прокурору Георгий Гваракидзе, юстиция министри Паата Салия жана ички иштер министри Гела Геладзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ыйгарым

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га