Курулуш министрлиги “Алтай” турак жай шаарчасы боюнча түшүндүрмө берди

Курулуш министрлиги “Алтай” турак жай шаарчасы боюнча түшүндүрмө берди

Социалдык тармактарда Бишкекте курулуп жаткан “Алтай” турак жай шаарчасы боюнча видео тарады. Анда пайдубал үчүн казылган жерлерге суу толуп калганы көрсөтүлүп, коомчулукта тынчсыздануу жараткан.

Бул боюнча Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги аталган объект боюнча курулуш иштери башталганга чейин инженердик-геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн билдирди. Анын жыйынтыгында жер астындагы суулардын деңгээли аныкталып, долбоордо тиешелүү инженердик чечимдер каралган.

Долбоорго ылайык, дренаждык система курулат, жер астындагы суулар чыгарылат жана имараттар беш кабаттан ашпайт. Министрлик “Алтай” шаарчасы аз кабаттуу комплекс экенин жана сейсмикалык коопсуздук толук эске алынганын белгиледи.

Ошондой эле министрлик Канат Абдрахматов айткан пикирлерди негизсиз деп атап, жарандарды дүрбөлөңгө алдырбоого чакырды. Аталган аймакта буга чейин да жана азыр да ири объектилер ийгиликтүү курулуп жатканы кошумчаланды.

Министрлик “Алтай” шаарчасынын курулушу толук көзөмөлдө экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Өткөн жылы айыл чарба тармагында 1 200дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Өткөн жылы айыл чарба тармагында 1 200дөн ашык жумуш орду түзүлдү

2025-жылдын жыйынтыгы менен кооперация, кайра иштетүү, логистика жана механизация (МТС) тармактарында олуттуу ийгиликтерге жетишилди. Айыл чарба инфраструктурасы кеңейип, өндүрүш көлөмү өсүп, жаңы жумуш орундар түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Учурда өлкөдө 483 кайра иштетүүчү ишкана иштеп жатат, алардын 39у 2025-жылы ачылган.

Кызмат абалынан кыянаттык кылган укук коргоочулар колго түштү

Кызмат абалынан кыянаттык кылган укук коргоочулар колго түштү

УКМК тарабынан жаранга өзгөчө оор залака келтирүү жана Өзгөн райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу боюнча кылмыш иши иликтөөгө алынды. УКМК басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 3-январында Өзгөн РИИБдин Куршаб айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эки жаранды мыйзамсыз кармап, тиешелүү процессуалдык документтерди

Кыргызстандын Тянь-Шань тоолору "2026-жылы саякаттай турган жерлердин" тизмесине кирди

Кыргызстандын Тянь-Шань тоолору "2026-жылы саякаттай турган жерлердин" тизмесине кирди

The New York Times басылмасы "2026-жылы саякаттай турган жерлердин" тизмесине Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорун кошконун "Азаттык" жазды. Макалада өлкөнүн чыгышынан батышына чейин созулуп, Теңир-Тоону аралап өткөн багыт сунушталат. Жалпы узундугу 1 243 чакырым болгон бул жолду басылманын Travel бөлүмүнүн редакторлору Борбор Азиядагы эң таасирдүү жөө жүргөнгө ылайыктуу

Бакыт Төрөбаев 2024-жылы канча киреше тапкан?

Бакыт Төрөбаев 2024-жылы канча киреше тапкан?

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев 2024-жылы өткөн жылга салыштырмалуу азыраак киреше тапкан. Кыргызстандын Салык кызматы аткаминерлердин отчеттук мезгил үчүн декларациялык маалыматтарын жарыялай баштады. Декларацияга ылайык, Бакыт Төрөбаевдин 2024-жылдагы кирешеси 1 миллион 811,9 миң сомду түзгөн. Ошол эле