ЖК төргагасынын 2024-жылдагы кирешеси 3 млн 685 миң сом болгон

ЖК төргагасынын 2024-жылдагы кирешеси 3 млн 685 миң сом болгон

Жогорку Кеңештин VII жана VIII чакырылыштарынын Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун 2024-жылдагы кирешеси 3 млн 685 миң 138 сомду, ал эми чыгымдары 1 млн 300 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик салык кызматы анын декларациясына таянып билдирди.

Төраганын менчигинде:

  • аянты 1 500 чарчы метрди түзгөн үй жанындагы жер тилкеси;
  • аянты 96,6 чарчы метр болгон батир бар.

Ошондой эле жалпы баасы 6 млн сомду түзгөн жеңил унаалар, фургондор жана пикаптар көрсөтүлгөн.

Башка мүлктөрүнүн арасында:

  • 2 млн 400 миң сомго бааланган жылкылар;
  • 1 млн 100 миң сомго бааланган ири мүйүздүү мал;
  • 1 млн 150 миң сомго бааланган майда мүйүздүү мал;
  • 1 млн 350 миң сомго бааланган зер буюмдар;
  • 2 млн 300 миң сомго бааланган башка түрдөгү кыймылдуу мүлк бар.

Төраганын туугандарынын менчигинде батирлер жана башка капиталдык курулуштар бар. Ошондой эле жеңил унаалар, фургондор жана пикаптар, зер буюмдар, эмерек жана тиричилик техникасы көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз