Бишкектеги курулуш объектилеринде коопсуздук талаптар текшерилүүдө
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 9–11-январь күндөрү Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринде мониторинг жүргүзүлүүдө.
Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү иштери Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаарындагы башкармалыгы тарабынан аткарылууда. Анын алкагында курулуш объектилериндеги эмгек коопсуздугунун сакталышы, техникалык регламенттердин жана долбоордук талаптардын аткарылышы көзөмөлдөнүүдө.
Мониторингдин негизги максаты — курулуш иштеринин сапатын жогорулатуу, мүмкүн болуучу мыйзам бузуулардын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу. Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.


