Интернет-алдамчылык боюнча 19 жаштагы жаран кармалды
2025-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына Н.В. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 2025-жылдын 5-ноябрында белгисиз адамдар "WhatsApp" аркылуу батир сатып алуу шылтоосу менен ишенимге кирип, анын 49 миң 900 долларын алдап алышкандыгын билдирген.
Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган факт боюнча райондук башкармалыктын Тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексине ылайык (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу боюнча) кылмыш иши козголгон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу "Оптима Банк" төлөм терминалдары аркылуу жалпы суммасы 3 655 000 сом акча каражатын которгону аныкталган. Тергөө иш чараларынын алкагында акча каражаттарын алуучулардын бири — 2007-жылы туулган А.Б. аныкталган. Анын банктык картасына 200 000 сом өлчөмүндө акча каражаты түшкөн. Аталган жаран процессуалдык аракеттерди жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБинин тергөө кызматына жеткирилип, КРнын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнинн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери кошумча маалыматтарды чогултууга, далилдер базасын калыптандырууга, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка жагдайларды жана адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө жана техникалык иш-чараларды жүргүзүп жатышат.