Россияда медициналык кароодон качкан мигранттарга айып пул салуу каралып жатат

Россияда медициналык кароодон качкан мигранттарга айып пул салуу каралып жатат

Россия Федерациясы милдеттүү медициналык кароодон өтүүдөн баш тарткан эмгек мигранттарын жоопкерчиликке тартууну пландап жатканын Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин билдирди.

Россияга үч айдан ашык мөөнөткө келген чет өлкөлүк жарандар үчүн медициналык кароодон өтүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылат. Медициналык мекемелер кароонун жыйынтыктарын Россиянын ИИМине тапшырууга милдеттүү болот, ал эми жугуштуу оорулар аныкталган учурда маалыматтар Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын бакубаттуулугу жаатындагы федералдык көзөмөл кызматына жөнөтүлөт.

Бул чаралар мыйзам бузуулар аныкталган учурда мигранттарды ыкчам депортациялоо максатын көздөйт.

Медициналык кароодон өтүүдөн качкан мигранттар үчүн административдик жоопкерчилик киргизүү да каралып жатканы маалым болду. Бул айып пул салуу жана соттун чечими менен өлкөдөн чыгаруу (депортациялоо) чараларын камтыйт.

Ал эми мигранттардын ден соолугунун абалы тууралуу жасалма документтерди даярдоо же колдонуу кылмыш иши катары каралат.

"Бул чаралар мигранттарга көзөмөлдү күчөтүүгө жана коомдук коопсуздукту жогорулатууга багытталган", — деп белгиледи Вячеслав Володин.

Мындан тышкары окуңуз

YouTube 2025-жылы жарнамадан эле 40,4 млрд доллар киреше тапкан

YouTube 2025-жылы жарнамадан эле 40,4 млрд доллар киреше тапкан

YouTube өткөн жылы жарнамадан түшкөн киреше боюнча Голливуддун ири медиа-компанияларын артта калтырды. 2025-жылы платформа жарнамадан 40,4 млрд доллардан ашык киреше тапканын Moffett Nathanson компаниясынын маалыматына таянып TechCrunch жазган. Салыштыруу үчүн айтсак, Disney, NBCUniversal, Paramount жана Warner Bros. Discovery компанияларынын жарнамадан түшкөн жалпы кирешеси 37,8 млрд долларды түзгөн. Бул

Мэриянын артына 9 кабаттуу имараттын ордуна жер алдындагы паркинг курулат

Мэриянын артына 9 кабаттуу имараттын ордуна жер алдындагы паркинг курулат

Бишкек шаардык мэриясынын арт жагына жаңы 9 кабаттуу объекттин ордуна жер алдындагы унаа токтотуучу жай (паркинг) куруларын вице-мэр Азамат Кадыров Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Жыйын учурунда депутат Алмаз Аскар уулу  мэриянын арт жагында курулуп жаткан долбоор боюнча сурады.

"Буффет" ашканасына 23 миң сом айып пул салынды

"Буффет" ашканасына 23 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарында жапырт уулануу катталганын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык‑эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, 13 адам медициналык жардамга кайрылган, алардын 11и ооруканага жаткырылган, ал эми экөө амбулатордук дарыланууда. "Алдын ала аныкталгандай, жабыркагандар “Буффет” ашканасында даярдалган тамактарды жешкен", — деп айтылат билдирүүдө. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери

Камбар-Ата-1 ГЭСинин инфраструктуралык иштеринин 50%ы бүттү

Камбар-Ата-1 ГЭСинин инфраструктуралык иштеринин 50%ы бүттү

"Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Бишкек – Ош унаа жолун станциянын курулушу менен байланыштырган жолдун болжол менен 90%ы, 126 метр узундуктагы транспорттук туннелди казуу толук аяктады. Бул курулуш техникаларын жеткирүүнү камсыздайт. Ошондой эле учурда курулуш аянтчасын электр энергиясы