Катуу суукка байланыштуу Нарын районундагы мектептер аралыктан окууга өттү
Аба ырайынын –35 градуска чейин төмөндөшүнө байланыштуу Нарын районундагы жалпы 32 мектеп убактылуу аралыктан окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Элвира Жанболотова "Кабар" агенттигине билдирген.
Анын айтымында, мындай чечим бүгүн өткөн штабдык жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган. Мектептер кыш мезгилине даяр болгонуна карабастан, катуу суукка байланыштуу окуучулардын коопсуздугу эске алынган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, аймакта суук аба ырайы 19-январга чейин сакталат. Ушуга байланыштуу алыскы жана тоо этектериндеги айылдардан келген балдардын ден соолугуна кам көрүү максатында аралыктан окуу форматына өтүү чечими кабыл алынган.
Маалыматта белгиленгендей, бала бакчалар кадимки тартипте иштеп жатат.