Өзгөчө эмгек шартындагы кызматкерлердин жумуш убактысы бекитилди
Министрлер Кабинети иши өзгөчө мүнөзгө ээ болгон кызматкерлердин категорияларынын тизмегин жана алардын жумуш убактысынын узактыгын бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтом Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык иштелип чыгып, өзгөчө эмгек шарттарында иштеген кызматкерлердин жумуш убактысын эмгек шарттарынын өзгөчөлүктөрүн жана эмгек жүктөмүнүн даражасын эске алуу менен укуктук жөнгө салууну көздөйт.
Документ Эмгек кодексинин жаңы редакциясына шайкеш даярдалып, анда ар кандай тармактагы 100дөн ашуун кызматкер категориясы камтылган.
Маалыматка ылайык, токтомдун аткарылышы эмгек мамилелерин укуктук жактан жөнгө салууну өркүндөтүүгө, эмгек нормалоонун жана эмгек процесстерин пландаштыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.