Башкы план-2050: коомдук талкуудан кийинки жыйынтыктар

Башкы план-2050: коомдук талкуудан кийинки жыйынтыктар

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору боюнча өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыгында жарандардан түшкөн сунуштар эске алынып, долбоордук схемага бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Коомдук угуулар 2025-жылдын 24-25-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өтүп, ага шаар жетекчилиги, долбоорду иштеп чыгуучулар, шаардык кызматтардын өкүлдөрү, активдүү шаар тургундары, ММК, ишкер чөйрөнүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Талкуу учурунда шаардын демографиялык өсүшү, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, жашыл аймактарды сактоо жана экологиялык коопсуздук маселелери боюнча сунуштар айтылды. Бардык пикирлер белгиленген тартипте каралып, тиешелүү анализ жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында коомчулуктун сунуштарын эске алуу менен Башкы пландын долбоордук схемасына айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңыртылган материалдар менен Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы – 2026" өттү

Бишкекте "Пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы – 2026" өттү

Бишкек шаарында "Пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы – 2026" аттуу эл аралык иш-чара болуп өттү. Бул конференция Кыргызстанда жана Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чара пион гүлүн өстүрүү боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды жайылтууга жана пион негизиндеги продукцияларды кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Конференцияны кытайлык

Ошто "АГРОЭКСПО-2026" эл аралык жарманкеси башталды

Ошто "АГРОЭКСПО-2026" эл аралык жарманкеси башталды

Бүгүн Ош шаарында "Айыл чарбасындагы инновациялар жана климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан ресурс үнөмдөөчү технологиялары" аталышындагы "АГРОЭКСПО-2026" эл аралык жарманкеси башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жарманке айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, фермерлерди, ишкерлерди жана тармактагы адистерди бир аянтчага чогултуп, агрардык сектордогу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого жана кызматташууну

Жогорку Кеңеш 30 млн долларлык "Бирдиктүү саламаттык" долбоорун ратификациялады

Жогорку Кеңеш 30 млн долларлык "Бирдиктүү саламаттык" долбоорун ратификациялады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында "Бирдиктүү саламаттык" программасынын алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 1-фаза долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну жана гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору колдоо тапты. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы. Мыйзам долбоору боюнча

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Бишкек–Нарын–Торугарт авто жолунун 304-чакырымында, Кара-Үңкүр участкасында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан керектүү техникалар тартылып, карды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Министрликтен билдиришкендей, жолдун абалы тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк берилет.