Бишкекте "Тазалык" ишканасынын жаңы өндүрүштүк базасы курула баштады

Бишкекте "Тазалык" ишканасынын жаңы өндүрүштүк базасы курула баштады

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жаңы өндүрүштүк базасынын пайдубалына капсула салды. Курулуш 2026-жылдын жай айларына чейин толук бүтүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэр кызматкерлердин борбор калаанын тазалыгын он жыл бою камсыздап келе жатканына ыраазычылыгын билдирди жана заманбап базанын эмгекти жеңилдетерин, коопсуздукту жана кызматтардын сапатын жогорулатарын белгиледи.

Жаңы база 4,13 гектар аянтты ээлеп, 11 500 чарчы метр имараттарды камтыйт. Анда өндүрүштүк жана оңдоо цехтери, техникалар үчүн ангарлар, таштандыларды жүктөө станциялары, ошондой эле кызматкерлер үчүн социалдык жана спорттук объекттер жайгашат.

2025-жылы ишкана 62 даана жаңы техника сатып алып, автопаркты жаңылады, кызмат көрсөтүүлөрдүн камтылышы 1 млн 41 миңден ашуун адамга жетти. Ошондой эле шаарда таштандыларды сорттоочу пункттардын курулушу башталды, бул экологияны жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз