Стационардык телефон менен мамлекеттик кызматтарга чалуу кымбат болгондуктан уюлдук телефонго өтүү сунушталат

Стационардык телефон менен мамлекеттик кызматтарга чалуу кымбат болгондуктан уюлдук телефонго өтүү сунушталат

Эмне үчүн мамлекеттик органдарга телефон чалуу мынчалык кымбат? Айрыкча уюлдук телефондордон "Кыргызтелекомдун" стационардык телефондоруна (калкты тейлөө борборуна жана башка кызматтарга) чалуулар жарандарга мүнөтүнө 5-6 сом турат. Айрыкча оператордун жообун көпкө күткөндө олуттуу чыгымга учураган жарандар көптөгөн даттануулар менен кайрылышууда. Мындай пикирин ЖК депутаты Д.Бекешов өзүнун социалдык баракчасында жарыялады.

Эл өкүлүлүнүн айтымында, ал «Кыргызтелекомдун” жетекчиси менен жолугуп, расмий жооп алган. Ага ылайык, кырдаал төмөнкүдөй:

- Байланыш тарифи: Маалымат кызматынын номерлерине чалуулар үчүн тариф 2,50 сом. Калган бааны мобилдик операторлор белгилешет.
- Жогорку чыгымдар: Компаниянын билдирүүсү боюнча байланыштын бир мүнөтүнүн өз баасы 9,78 сомго барабар. Бул тариф өлкө боюнча инфраструктураны тейлөө жана кызматкерлердин айлык акысын төлөө зарылдыгы менен түшүндүрүлөт.
- Күтүүлөр: “Кыргызтелеком” бааларды 2027-жылы, SIP-технологияга өткөндөн кийин гана төмөндөтүүнү пландаштырууда.

Бирок, Дастан Бекешов, дагы бир-эки жыл күтүп, жарандардын мамлекеттик кызматтарга жетүү үчүн ашыкча төлөм кетиришин каалабастыгын билдирди:

“Менин чечимим: "Кыргызтелеком" азыр тарифтерди төмөндөтө албагандыктан, мен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коомдук байланыш үчүн уюлдук телефон номерлерине жапырт өтүүнү сунуштайм.” - дейт Бекешов

Анын баамында, уюлдук телефон аркылуу байланышууда жарандар “күтүү кезектерине” акча коротпостон, өз тармактарынын ичинде же пакеттелген тарифтер менен мамлекеттик органдарга акысыз чалуу мүмкүнчүлүгүн алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Тамчылатып сугарууга өтүүнү көздөгөндөргө 2% менен насыя берилет

Тамчылатып сугарууга өтүүнү көздөгөндөргө 2% менен насыя берилет

Тамчылатып сугаруу системасын орнотууну көздөгөн дыйкандарга 2% менен 500 млн сом насыя берилерин суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ош шаарында өтүп жаткан "Агроэкспо-2026" көргөзмөсүндө билдирди. Ведомстводон маалымдашкандай, ал климаттын өзгөрүшү жана суунун тартыштыгы шартында заманбап технологияларды киргизүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле

Ош аэропортунда 1 млн сомдук алтын буюмдар өлкөгө киргизилген жок

Ош аэропортунда 1 млн сомдук алтын буюмдар өлкөгө киргизилген жок

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн алтын зер буюмдарын мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу фактысы Ош эл аралык аэропортунда аныкталган. Такталган маалымат боюнча, өлкөгө жалпы баасы 1 млн сомдон ашкан алтын буюмдар — шакек, сөйкө жана чынжырлар коштоочу документтерсиз

Башкы прокурор Сот аткаруучулар кызматынын жаңыланган имараты менен таанышты

Башкы прокурор Сот аткаруучулар кызматынын жаңыланган имараты менен таанышты

Бүгүн Башкы прокурор Максат Асаналиев Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн имараты жана анын айланасындагы аймак менен таанышты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө кызматтын жетекчилиги аткаруу өндүрүшүн уюштуруу, жарандарды кабыл алуу тартиби жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Швейцариянын "Аракет" долбоору 5 млн сомго 16 бизнес демилгени колдоого алат

Швейцариянын "Аракет" долбоору 5 млн сомго 16 бизнес демилгени колдоого алат

24-февралда Ош шаарында, ал эми 2-мартта Бишкек шаарында швейцариялык "Аракет" долбоорунун алкагында бизнес-идеялар сынагынын финалдык этаптары өттү. Сынактын негизги максаты — Бишкек жана Ош шаарларындагы тандалган жаңы конуштарда жашаган аялдарды колдоо жана алардын ишкердик демилгелерин ишке ашыруу аркылуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Тандоонун жыйынтыгында: * Бишкекте 11 аял, * Ошто 5 аял