Бишкекте 3 079 чарчы метр аянтты ээлеген коомдук спорт зона ачылды
Бишкек шаарында Д. Садырбаев көчөсүндө заманбап спорт аянтчалары жана көрктөндүрүү элементтери менен жабдылган жаңы коомдук мейкиндик пайдаланууга берилди. Долбоор шаар тургундарынын бардык курактагы активдүү эс алуусуна жана сергек жашоо үчүн шарт түзүүгө багытталган.
Муниципалитеттен билдиргендей, ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышты. Мэр шаар тургундарын жаңы 2026-жыл менен куттуктап, коомдук мейкиндиктерди өнүктүрүүнүн жана аймактарды жашылдандыруунун маанисин белгиледи.
Жаңы аянтчанын жалпы аянты 3079,31 чарчы метр. Анда эки баскетбол аянтчасы, балдар ойноочу зона, үстөл тенниси үчүн аянтча, воркаут аянтчасы, чуркоо жолчосу, автоунаа токтотуучу жай жана рекреациялык аймак менен навес камтылган.
Объект толугу менен пайдаланууга берилген жана шаар тургундары үчүн эркин ачык. Подрядчы — "Левел Билдинг" ЖЧК.


