Россиядан быйыл 34 786 кыргызстандык жаран чыгарылышы мүмкүн

Россиядан быйыл 34 786 кыргызстандык жаран чыгарылышы мүмкүн

Былтыр ноябрда Россиянын көзөмөл реестринде 128 миңдей кыргызстандык жаран бар болгон болсо, учурда Кыргызстандын 34 786 жараны бар экенин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

Министр жоопкерчиликтүү жарандар өздөрүн бул тизмеден текшерип, укуктук макамын мыйзамдаштырууга жетишкенин белгилеп, бул үчүн мигранттарга кошумча убакыт да берилгенин айтты.

"Мамлекет, Тышкы иштер министрлиги зарыл болгон бардык чараларды көрдүк. Бирок бир катар жарандар дагы деле көзөмөл реестринде кала берүүдө. Эми алар депортацияланат. Биз алардын баарын тиешелүү органдарга жетелеп бара албайбыз да. Бирок Орусия тарап миграция саясатын жумшартуусу ыктымал, анткени көптөгөн иш орундар бош калды".

Ж.Кулубаев ошол эле учурда миграциядагы кыргызстандыктардын кайтып келиши өлкөнүн өзү үчүн да пайдалуу экенин, көптөгөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жумушчу күчү керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда банктарга 20 млрд сом жайгаштыруу боюнча аукцион жарыяланды

Кыргызстанда банктарга 20 млрд сом жайгаштыруу боюнча аукцион жарыяланды

Финансы министрлиги 2026-жылдын 19-январында бюджеттик тутумдун бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктардын депозиттерине (аманатка) жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөрүн билдирди. Аукцион Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында өтөт. Акча каражаттарын жылдык 11%дык чен менен 12 айлык мөөнөткө жайгаштыруу пландалууда. Аукциондун алкагында жалпы суммасы 20 млрд сомдук 21 лотту жайгаштыруу каралган. Анын ичинде

Таласта 35 600 акылдуу электр эсептегич орнотулду

Таласта 35 600 акылдуу электр эсептегич орнотулду

Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформанын алкагында "КУЭТ" ААКнын Талас электр тармактары филиалы облустун төрт районунда — Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда электр энергиясын автоматташтырылган эсепке алуу системасын киргизүү иштерин улантууда. Энергетика министрликтин маалыматына ылайык, учурда пландалган 35 600 даана акылдуу эсептегич толугу менен орнотулду, анын ичинде 1 фазалуу

Кыргызстан элчиликтери үчүн АКШда 10 батир сатылып алынган

Кыргызстан элчиликтери үчүн АКШда 10 батир сатылып алынган

АКШда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери үчүн 10 батир сатып алынганын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, Нью-Йоркто 5 батир, Вашингтондо дагы 5 батир сатып алынган. Түштүк Кореядагы элчилик үчүн имарат мурда эле алынган, ошондой эле Австрияда имарат сатып алуу пландалып жатат. "Бардык процедуралар бүткөрүлдү. Бул ишти февраль–

Зергерчиликке салык жеңилдиктери киргизилди

Зергерчиликке салык жеңилдиктери киргизилди

Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, зергерчилик тармагындагы ишкерлерге бир катар салык жеңилдиктери берилерин маалымдайт. Ага ылайык, өлкөгө алып келинген зергерчилик жабдуулары, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар КНС төлөөдөн бошотулат. Ошондой эле, мурда алынган же өндүрүлгөн баалуу металлдардан жасалган буюмдарды 2 ай ичинде легалдаштыруу үчүн мораторий киргизилүүдө. Зер