Бишкекте 20-январда айрым райондордо ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте 20-январда айрым райондордо ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

20-январда саат 09:00дөн 02:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым турак жайларында, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо жана социалдык-тиричилик объектилеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Мэриянын маалыматына ылайык, ичүүчү суу 3-, 4-, 5-, 7-, 8-, 9- жана 10-кичи райондордо өчүрүлөт.

Аймактын чектелген көчөлөрү: Ч.Айтматов проспектиси – Абдрахманов көчөсү – Бакаев көчөсү – Масалиев проспекти – Токтоналиев көчөсү – Ата-Түрк паркы – Ахунбаев көчөсү – Аламүдүн суусу – Түштүк чоң Чүй каналы – Б.Баатыр көчөсү – Ала-Арча суусу – Семетей көчөсү.

Иш-чаралар Д-600 мм түтүккө бурама тээктерди орнотуу, Д-400 мм тосмолорду орнотуу жана Д-600 мм суу откөрмөнү Рысмендиев көчөсү 1/1 аймагынан тышкары чыгаруу иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

"Бишкексууканал" МИси жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайтжана шаар тургундарын алдын-ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз