"Достук" чек ара бекетинен 22 тонна малдын тузу артка кайтарылды

"Достук" чек ара бекетинен 22 тонна малдын тузу артка кайтарылды

Ош шаарындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Өзбекстандан ташылып келе жаткан 22 тонна малдын тузу Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жүк Чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан текшерилип, анын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбаганы аныкталды. Тактап айтканда, жүктү коштогон ветеринардык документтер талаптарга жооп берген эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында инспекторлор тарабынан жүктү артка кайтаруу боюнча акт түзүлүп, товар "Достук" чек ара өткөрүү пункту аркылуу кайра артка жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Салык  отчетун каттоодон тышкары райондон тапшыруу мүмкүнчүлүгү жоюлду

Салык отчетун каттоодон тышкары райондон тапшыруу мүмкүнчүлүгү жоюлду

Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинин функционалы жаңыртылгандан кийин отчеттор мындан ары салык төлөөчүнүн учурдагы каттоодо турган району боюнча гана кабыл алынарын "Салык сервис" мамлекеттик башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, система автоматтык түрдө каттоо маалыматтарын текшерип, отчетту тиешелүү районго гана жөнөтөт. Эгерде салык төлөөчү отчет тапшырып жаткан райондо каттоодон өтпөсө, документ

Баткенде эски электр өчүргүчтөрү жаңы вакуумдук жабдуулар менен алмаштырылды

Баткенде эски электр өчүргүчтөрү жаңы вакуумдук жабдуулар менен алмаштырылды

Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого багытталган иш-пландынын алкагында, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын Баткен электр тармактар ишканасы облус аймагындагы 35/6 кВ жана 35/10 кВ көмөк чордондорунда эски май менен иштеген өчүрүп-жандыргычтарды заманбап 10 кВ вакуумдук өчүрүп-жандыргычтарга толугу менен алмаштырды. Иш-чаралар 8 көмөк чордондо жүргүзүлүп, анын ичинде: 35/6 кВ “Чаувай” жана

Бишкекте 20-январда айрым райондордо ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте 20-январда айрым райондордо ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

20-январда саат 09:00дөн 02:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым турак жайларында, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо жана социалдык-тиричилик объектилеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Мэриянын маалыматына ылайык, ичүүчү суу 3-, 4-, 5-, 7-, 8-, 9- жана 10-кичи райондордо өчүрүлөт. Аймактын чектелген көчөлөрү: Ч.Айтматов проспектиси – Абдрахманов көчөсү – Бакаев көчөсү – Масалиев

АКШда жарым өткөргүчтөрдү импорттоого 25%дык бажы алымы киргизилди

АКШда жарым өткөргүчтөрдү импорттоого 25%дык бажы алымы киргизилди

АКШнын президенти Дональд Трамп жарым өткөргүчтөрдү импорттоого 25%дык бажы алымын киргизди. Тиешелүү документ Ак үйдүн сайтында жарыяланды. Бажы төлөмү Nvidia H200 жана AMD MI325 сыяктуу чиптерге тиешелүү болот. Бирок айрым учурларда, атап айтканда, жарым өткөргүчтөр өлкөнүн өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүү, илимий изилдөөлөр жана маалыматтарды иштетүү борборлорунда колдонуу үчүн импорттолсо, алым