ИИМ финансылык алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүүдө
КР ИИМнин киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен TSARKA Кыргызстан кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул долбоор калкты финансылык алдамчылардын курмандыгы болуудан коргоо максатында киргизилүүдө.
Ага ылайык, атайын “Алданба” деген жазуусу бар ИИМ кызматкери чагылдырылган макет эл көп кездешкен жайлардагы банкоматтардын, төлөм терминалдарынын жанында жайгаштырылды.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын киберкылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин айтымында, бул жөн эле макет эмес, алдамчылардын шашылыш “акча котор” - деген чакырыгына карата психологиялык тосмо болуп саналат. Бул «визуалдык тыныгуу» элди алдамчылардын психологиялык кысымын бузуп, ойлонуп чечим кабыл алышына шарт түзөт.
Буга чейин мындай долбоор Япония, Сингапур жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, мындай чаралар каржылык кылмыштарды 40%га чейин азайтууга өбөлгө түзөт.