Кыргызстанда 150 миң жаранга ПИН ката менен берилген

Кыргызстанда 150 миң жаранга ПИН ката менен берилген

Кыргызстанда болжол менен 150 миң жаранга персоналдык идентификациялык номер (ПИН) ката менен берилгенин мамлекеттик "Кызмат" мекемесинин директорунун орун басары Эрнес Досалиев Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын жарандарын милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында персонификацияланган (жеке) эсепке алуу тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул документ ПИНди ыйгаруу жана аны оңдоо тартибин Министрлер Кабинети аркылуу тактоого багытталган.

Жыйында депутат Гүлшаркан Култаева ПИН өзгөртүлгөн учурда анын тарыхы кандайча сакталары, башкача айтканда, жаран номерин алмаштыргандан кийин да ошол номер менен ишин уланта алышы жана бул жагдай мыйзамда так жазылышы керектиги тууралуу суроо койду.

Эрнес Досалиев ПИН — бул жаранды идентификациялоочу курал экенин белгиледи. Анын айтымында, система ичинде бардык маалыматтар катталган жана аларды толугу менен жокко чыгарууга же өчүрүүгө мүмкүн эмес. Ал ошондой эле буга чейин Кыргызстанда 150 миңге жакын жаран ПИНди ката менен алганын, мында жарандардын эч кандай күнөөсү жок экенин айтты. ПИНди өзгөртүү жаран өзү арыз берген учурда гана жүргүзүлөт.

Депутаттын айтымында, жарандар ПИН алмаштырганда ар кандай көйгөйлөргө туш болбошу үчүн бардык маалыматтар бирдиктүү система аркылуу интеграцияланышы керек.

Мындан тышкары окуңуз

Кытай калкы 2025-жылы 3,39 млн адамга азайган

Кытай калкы 2025-жылы 3,39 млн адамга азайган

Кытайдын калкы 2025-жылы азайып, калктын картайышы уланып жатканы Кытай Эл Республикасынын Улуттук статистика бюросунун отчетунан маалым болду. 2025-жылдын аягына карата Кытайдын калкы 1 млрд 404,89 млн адамды түздү, бул 2024-жылдын аягындагы көрсөткүчтөн 3,39 млн адамга аз. Статистикага ылайык: * 2025-жылы 7,92 млн бала жарыкка келген, ал эми 2024-жылы

Кинематография департаменти өз балансындагы 10 кинотеатрды ижарага берүүгө даяр

Кинематография департаменти өз балансындагы 10 кинотеатрды ижарага берүүгө даяр

Бул тууралуу маданият министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жалпы кинотеатрлардын саны 37ни түзгөн, ал эми 2024-жылдан бери 20 кинотеатр ижарага берилген. "Эгер инвесторлор пайда болсо, биз Кинематография департаментинин карамагындагы

Кыргызстандагы улуттук кинематографиянын бюджети былтыр 3 эсе өскөн

Кыргызстандагы улуттук кинематографиянын бюджети былтыр 3 эсе өскөн

2025-жылы Кыргызстандагы улуттук кинематографиянын бюджети үч эсеге өсүп, 970 млн сомду түзгөнүн Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында маалым болду. Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылы бул тармакка 345 млн сом бөлүнгөн. 2025-жылы: * Кинематография департаменти тарабынан 4 көркөм фильм жана 1

ИИМ финансылык алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүүдө

ИИМ финансылык алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүүдө

КР ИИМнин киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен TSARKA Кыргызстан кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул долбоор калкты финансылык алдамчылардын курмандыгы болуудан коргоо максатында киргизилүүдө. Ага ылайык, атайын “Алданба” деген жазуусу бар ИИМ кызматкери чагылдырылган макет эл көп кездешкен жайлардагы банкоматтардын, төлөм терминалдарынын жанында жайгаштырылды. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын киберкылмыштуулук