Кыргызстандагы улуттук кинематографиянын бюджети былтыр 3 эсе өскөн

Кыргызстандагы улуттук кинематографиянын бюджети былтыр 3 эсе өскөн

2025-жылы Кыргызстандагы улуттук кинематографиянын бюджети үч эсеге өсүп, 970 млн сомду түзгөнүн Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында маалым болду.

Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылы бул тармакка 345 млн сом бөлүнгөн.

2025-жылы:

  • Кинематография департаменти тарабынан 4 көркөм фильм жана 1 сериал даярдалган;
  • "Кыргызфильм" киностудиясы тарабынан 48 фильм жана 2 анимациялык сериал тартылган;
  • Мамлекеттик "Кыргызсериал" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси тарабынан 7 сериал даярдалган.

Мындан тышкары окуңуз

"Кара кыргыз" улуттук сериалын тартууга 35 млн сом жумшалган

"Кара кыргыз" улуттук сериалын тартууга 35 млн сом жумшалган

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду. Маданият министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында мурда ЖМКларга 40 млн сом жумшалганы тууралуу туура эмес маалыматтар чыгып кеткен. Маданият, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин айтымында, УТРК

УКМК ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасы боюнча иш жүргүзүп жатат

УКМК ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасы боюнча иш жүргүзүп жатат

УКМК Кыргызстандын жараны С.М. тарабынан жасалган курулуш жана күрөөгө коюлган насыя берүүдөгү ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасын иликтеп жатканын атайын кызматтын билдиришти. Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жараны С.М.ге карата козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучулар менен жолугушту. Жолугушууга шектүү дагы катышты. Тергөөнүн жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолгон

Балыкчы шаарына 10 атайын техника берилди

Балыкчы шаарына 10 атайын техника берилди

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан Балыкчы шаарына 10 даана атайын техника сатып алынганын "Кабар" жазды.   Фонддон билдиришкендей, каржылоонун жалпы суммасы 60 млн сомду түздү. Алар - 1 автогрейдер, 2 чоң экскаватор, 1 мини-экскаватор, 1 бетон аралаштыргыч, 1 манипулятор, 1 автокран, 2 жүктөгүч, 1 трал.  Аталган техникалар Балыкчы шаарынын

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылды

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылды

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылганын Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директорунун орун басары Толубай Жакишов ОшТВга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылышы керек. "Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча алгач 15-январдан 15-февралга чейин деп чек коюлган, азыр бул чек алынып салынды.