Тоң районуна 550 орундуу мектеп салынып жатат

Тоң районуна 550 орундуу мектеп салынып жатат

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ала-Баш айылында 550 окуучуга ылайыкталган заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Долбоорго ылайык, мектеп заманбап окуу класстары, толук жабдылган спорт залы, жыйындар залы жана ашкана менен камсыздалат. Ошондой эле дарыгердин бөлмөсү, китепкана, лаборатория, балдар жана кыздар үчүн эмгек класстары каралган.

Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Учурда иштердин 75%ы аткарылып, имараттын ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Жибек жолунда курулуп жаткан көпүрөдө сапатсыз тосмолор аныкталды

Жибек жолунда курулуп жаткан көпүрөдө сапатсыз тосмолор аныкталды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйын өткөрүп, борбор калаадагы бир катар негизги инфраструктуралык объектилерде аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты. Иш сапардын алкагында мэр Жибек жолу проспектисинде курулуп жаткан алты тилкелүү жаңы көпүрөгө барып, сапатсыз тосмолор аныкталганын айтып, подрядчы менен түзүлгөн келишимди

Кыргызстан-Италия: зергерчилик тармагында кызматташтык талкууланды

Кыргызстан-Италия: зергерчилик тармагында кызматташтык талкууланды

Кыргызстан менен Италия зергерчилик тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул маселелер Виченца шаарында өткөн "Vicenzaoro" эл аралык зергерчилик көргөзмөсүнүн алкагында каралды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө зергерчилик тармагындагы заманбап багыттар, колдонулуп жаткан материалдар жана технологиялар менен таанышуу болуп, италиялык алдыңкы зергерчилик компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушууларда

"Чатыр-Көл" кинотеатрынын имараты Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүлдү

"Чатыр-Көл" кинотеатрынын имараты Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүлдү

МинКаб Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине борбордогу "Чатыр-Көл" кинотеатрынын имаратын 40 сотых жери менен кошо мэриянын менчигине өткөрүп берүүнү тапшырды. Министрлер кабинетинин токтомунда кинотеатрдын ордуна балдар жана кары-картаңдар үчүн кызмат кылуучу социалдык мекеме тургузулары жазылган. Чечим элдин жашоосун жакшыртуу, балдарга жана улгайган адамдарга

Эми "Менин шаарым" тиркемесинен суу качан өчүрүлөрүн биле аласыз

Эми "Менин шаарым" тиркемесинен суу качан өчүрүлөрүн биле аласыз

"Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинин жаңыртылган версиясы ишке киргизилгенин маалымдайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Жаңыртылган версияга суу менен камсыздоонун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу тургундарды ыкчам кабардар кылуучу функция кошулду. Билдирүүлөр колдонуучуларга түздөн-түз ыңгайлуу санарип форматта жөнөтүлөт. Жекелештирилген билдирүүлөрдү алуу үчүн