Былтыр Кыргызстанда 19,5 миң тонна товардык балык өндүрүлгөн

Былтыр Кыргызстанда 19,5 миң тонна товардык балык өндүрүлгөн

Кыргызстанда 2025-жылы товардык балык өндүрүшү 19 508,85 тоннаны түздү. Бул көрсөткүч Балык өнөр-жайы комплекси департаменти менен келишимдик негизде иштеген балык чарба көлмөлөрүнүн эмгегинин натыйжасы. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Аймактар боюнча өндүрүштүн эң жогорку көрсөткүчү:

  • Чүй облусу — 12 844,8 тонна
  • Жалал-Абад облусу — 2 845,6 тонна
  • Ысык-Көл облусу — 1 505,3 тонна
  • Нарын облусу — 1 373,2 тонна
  • Талас облусу — 533,45 тонна
  • Ош облусу — 406,5 тонна

Өндүрүлгөн товардык балыктын негизги түрлөрү:

  • Кубулжума жилингир (радужная форель) — 17 132,05 тонна
  • Карп (сазан) — 813,2 тонна
  • Башка түрлөр — 1 563,6 тонна
Адистердин айтымында, товардык балык өндүрүшүнүн өсүшү өлкөдө аквакультуранын туруктуу өнүгүп жатканын жана бардык аймактарда балык чарбачылыгы кеңейип жатканын көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке

“Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды

“Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды

Россияда белгилүү жазуучу Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылганын "Известия" басылимасы билдирди.  Анда белгиленгендей, китептин баштапкы баасы 300 миң рубль деп белгиленген. Лот алты томдон турган китептер топтому болгон. Китептердин мукабасында аз гана эскирүү белгилери бар экени айтылат.  Атактуу роман алгач

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен