Курулуш министрлиги адистерди жумушка чакырат – айлыгы 150-500 миң сом

Курулуш министрлиги адистерди жумушка чакырат – айлыгы 150-500 миң сом

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги сыйлуу адистерди ишке чакырууда. Бул тууралуу министр Нурдан Орунтаев социалдык баракчасында билдирди.

Министрликтеги департаменттер өзүн-өзү камсыздоо механизми менен иштеп, орточо айлык 150 миң сомду түзөт, ал эми кээ бир департаменттерде 500 миң сомго чейин жетет. Айлык адистин билими, жоопкерчилиги жана иштөө натыйжасына жараша белгиленет.

Министрдин айтымында, көпчүлүк кызматкерлер архитектор, куруучу, конструктор жана инженерлер болуп, көп кабаттуу жана татаал объектилердин курулушуна жооптуу. Алар долбоорлорду жана керектүү документтерди текшерип, объекттердин коопсуздугун камсыздашат. Мына ушундай жооптуу эмгеги үчүн айлык маянасы жогору белгиленет.

“Тийиштүү билими бар жана иштөөгө даяр жарандар үчүн эшигибиз ар дайым ачык. Тиешелүү профилдеги адистер министрликке келип иштесин”, — деп кошумчалады министр.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын тышкы соодасы 1,1 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 1,1 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1,1 млрд АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,0%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына шилтеме берүү менен билдирди. Ошол эле учурда экспорт 20,3%га кыскарып, импорт 6,1%га көбөйдү. Жалпы

Токтогул жол тейлөө ишканасында мыйзам бузуу аныкталды

Токтогул жол тейлөө ишканасында мыйзам бузуу аныкталды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгы Токтогул жол тейлөө ишканасында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Анын жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, мекемеге доо коюлду. Маалыматка ылайык, ишкананын асфальт-бетон заводу 20 диаметрдеги суу түтүгү аркылуу жер үстүндөгү

Бишкекте муниципалдык ижараны эми онлайн башкарууга болот

Бишкекте муниципалдык ижараны эми онлайн башкарууга болот

Бишкек шаарынын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде жаңы "Муниципалдык менчик ижарасы" функциясы ишке киргизилгенин билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Жаңы функция ижарачылар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылып, мекемелерге баруу жана кагаз документтерди толтуруу зарылдыгын жоёт. Бул өз кезегинде убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк

Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады

Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда социалдык-экономикалык өнүгүү туруктуу өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына таюнуу менен билдирди. Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүү тармагы ИДПнын түзүмүндө дээрлик 50% үлүштү ээлеп, экономиканын негизги кыймылдаткычы бойдон калууда. Бул тармак экономикалык өсүшкө 4,82%дык