Айыл чарба министри фермерлер менен салык маселесин талкуулады

Айыл чарба министри  фермерлер менен салык маселесин талкуулады

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Эргешович Төрөбаев фермерлерди жеке кабыл алды. Жарандар кабыл алууга алдын ала катталып, бекитилген графикке ылайык келишкен. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууга министрдин орун басарлары, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген фермерлер жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү катышты. Кабыл алуу учурунда фермерлер салык маселелери боюнча кайрылып, айрым эсептөөлөрдө көйгөйлөр бар экенин белгилешти жана мыйзам чегинде жеңилдиктерди карап чыгуу сунушун беришти.

Министр Бакыт Төрөбаев фермерлердин кайрылууларын угуп, Мамлекеттик салык кызматына маселелерди терең изилдеп чыгуу жана тиешелүү сунуштарды даярдоо тапшырмасын берди.

Ал ошондой эле айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштер улантыларын айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз