Тыюу салынган тамеки продукциясын өлкөгө алып кирүү фактысы аныкталды
Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө тыюу салынган тамеки продукциясын Кыргызстандын аймагына алып кирүү фактысы аныкталды.
Салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда өлкөгө кирип келе жаткан автомашинадан 190 даана тыюу салынган түтүнсүз тамеки (снюс) табылган.
Аталган факт боюнча чогултулган материалдар укуктук баа берүү жана тиешелүү процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.