"АгроДиалог-2026": Кыргызстанда айыл чарбанын чемпиондору аныкталат

"АгроДиалог-2026": Кыргызстанда айыл чарбанын чемпиондору аныкталат

18-19-20-21-февраль күндөрү Кыргызстанда агроөнөр жай тармагы үчүн маанилүү болгон "АгроДиалог-2026" агроөнөр жай форуму өтөт. Иш-чаранын алкагында республика боюнча айыл чарба тармагындагы мыктылардын мыктысы аныкталып, 20 өсүмдүк өстүрүү жана 20 мал чарбачылыгы боюнча чемпионтандалат.

Форумга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн агрардык тармактын алдыңкы эксперттери, ошондой эле тажрыйбалуу дыйкан-фермерлер катышат. Алар айыл чарбасында ийгиликке жетүүнүн жолдору, заманбап ыкмалар жана практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Иш-чаранын негизги бөлүгү 18-19-20-февраль күндөрү саат 09:00дөн тартып К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтөт. Ал эми форумдун жыйынтыктоочу салтанаты 21-февраль күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда уюштурулат.

Форумдун алкагында ар бир багыт боюнча чемпион аталган мыкты дыйкан-фермерлер кызыл килемден өтүп, салтанаттуу түрдө сыйланышат. Ошондой эле иш-чара агроөнөр жай тармагында өнөктөштөрдү табууга, бизнес байланыштарды кеңейтүүгө, продукцияны өнүктүрүүгө жана экспортко чыгарууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

Форумдун күн тартиби:

  • 18-февраль — өсүмдүк өстүрүү;
  • 19-февраль — мал чарбачылыгы;
  • 20-февраль — кайра иштетүү жана экспорт;
  • 21-февраль — жыйынтыктоочу салтанат.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз