7 млн сомду ыйгарып алуу боюнча чет өлкөлүк жаран кармалды

7 млн сомду ыйгарып алуу боюнча чет өлкөлүк жаран кармалды

Чүй облусунда өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаттарын ыйгарып алуу жана коротууга шектелген чет өлкөлүк жаран кармалганын облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 5-январда милицияга "Ингосстрах" ЖАКынын башкармалыгынын өкүлү Ы.Н. арыз менен кайрылган.

Арызда айтылгандай, 2025-жылдын апрелинен декабрына чейинки аралыкта жеке ишкер Д.А.Р.ге тиешелүү айрым кызматкерлер ОСАГО камсыздандыруу полистерин сатуу учурунда 7 млн 85 миң 708 сом акча каражатын ыйгарып алып, коротуп жиберишкенден кийин изин жашырып кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Ишенилип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал 1985-жылы туулган, А.А. аттуу чет өлкөлүк жаран болуп чыккан. Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылып жатат. Укук коргоо органдары болгон окуянын бардык жагдайларын, ошондой эле мүмкүн болгон башка шериктерин аныктоодо.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө 5 жыл ичинде 4 багытта өнүгөт

Өлкө 5 жыл ичинде 4 багытта өнүгөт

2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планы бекитилди. Индустриялаштыруу боюнча 2030-жылга чейин өлкөдө өнөр жай продукциясынын көлөмүн эки эсеге көбөйтүү жана аймактарда кеминде беш технологиялык парк зонасын түзүү максаты коюлган.  Ал эми аймактык хабды түзүү Кыргызстандын экономикалык өнүгүүнүн ири региондук жана глобалдык борборлорунун

Экономика министрлиги 4 жыл ИДП өсүшү 10,2% болгонун билдирди

Экономика министрлиги 4 жыл ИДП өсүшү 10,2% болгонун билдирди

Садыр Жапаровдун президенттик кызматтагы беш жылдык мезгилинде Кыргыз Республикасынын экономикасында олуттуу сапаттык жылыштар орун алганын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын жыйынтыктары ички дүң продуктунун (ИДП) динамикасында даана чагылып, анын өсүшү регионалдык деңгээлде гана эмес, эл аралык масштабда да байкала баштады.

Россияда 1 жылда мигранттар 10%га азайды

Россияда 1 жылда мигранттар 10%га азайды

Россияда 2025-жылдын башынан бери чет элдик жарандар 10%га, тагыраагы 6,3 миллиондон 5,7 миллионго чейин азайганын өлкөнүн Ички иштер министрлигинин миграциялык кызматына караштуу талдоо борборунун башчысы Александр Пережогин "Жаңы миграциялык саясат" деп аталган жыйында билдирген. Анын айтымында, мигранттардын азайышы өлкөдө жашы жете элек чет элдиктердин саны

Эл аралык өнүктүрүү фонду менен насыялык макулдашуу парламентте кабыл алынды

Эл аралык өнүктүрүү фонду менен насыялык макулдашуу парламентте кабыл алынды

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фонду ортосунда түзүлгөн кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Аталган макулдашуу "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүүнү өнүктүрүүнүн биринчи программасынын" алкагында ишке ашырылып, бюджеттик колдоо катары 30 млн доллар бөлүүнү карайт. Макулдашууга 2025-жылдын