Эл аралык өнүктүрүү фонду менен насыялык макулдашуу парламентте кабыл алынды

Эл аралык өнүктүрүү фонду менен насыялык макулдашуу парламентте кабыл алынды

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фонду ортосунда түзүлгөн кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган макулдашуу "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүүнү өнүктүрүүнүн биринчи программасынын" алкагында ишке ашырылып, бюджеттик колдоо катары 30 млн доллар бөлүүнү карайт. Макулдашууга 2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган.

Жогорку Кеңештин маалыматына ылайык, 30 млн доллар өлчөмүндөгү каржылоо 20 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мезгил менен, жылдык 1,25%дык чен алдында берилет.

Каражаттар социалдык-экономикалык өнүгүүнү колдоого, анын ичинде туруктуу жана адилеттүү энергия менен камсыздоого, социалдык кызматтарды жакшыртууга, климаттык туруктуулукту жогорулатууга, финансылык туруктуулукту бекемдөөгө жана ишкердик чөйрөнү жакшыртууга багытталат.

Талкуу учурунда депутаттар каражаттарды пайдалануунун багыттарын жана программанын артыкчылыктарын такташты. Айсаракан Абдибаева насыя каражаттары кайсы максаттарга жумшаларын сурап, энергетика тармагын колдоонун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. Азизбек Турсунбаев заемдук каражаттарды тартуунун максатка ылайыктуулугуна кызыкты, ал эми Махабат Мавлянова чакан жана орто бизнести мамлекеттик колдоо маселесин көтөрдү.

Камила Талиева "Социалдык келишимдин" көлөмүн көбөйтүүнү сунуштап, баштапкы капитал катары берилген 150 миң сом жаңы ишкерликти баштоо үчүн жетишсиз экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media