Россияда 1 жылда мигранттар 10%га азайды

Россияда 1 жылда мигранттар 10%га азайды

Россияда 2025-жылдын башынан бери чет элдик жарандар 10%га, тагыраагы 6,3 миллиондон 5,7 миллионго чейин азайганын өлкөнүн Ички иштер министрлигинин миграциялык кызматына караштуу талдоо борборунун башчысы Александр Пережогин "Жаңы миграциялык саясат" деп аталган жыйында билдирген.

Анын айтымында, мигранттардын азайышы өлкөдө жашы жете элек чет элдиктердин саны дээрлик 25%га кыскарганы менен байланыштуу. 

Акыркы жылдарда Россияда миграциялык саясат катаалдашып, чет элдиктердин балдарын орус тилинен сынак тапшырмайынча мектепке кабыл алууга тыюу салынган. Мунун жыйынтыгында былтыр сентябрда мигрант балдардын 87,5%ы мектепке кире албай калган.

Мындан тышкары окуңуз

Энергетиктер күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөттү

Энергетиктер күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөттү

Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин жүрүшүнө жана коюлган милдеттердин өз убагында аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүдө. Министрликтин өкүлдөрү аймактарга чыгып, энергетикалык объектилердин даярдыгын, жабдуулардын техникалык абалын жана пландалган иштердин аткарылышын жеринде текшерүүдө. Бул туралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө энергетикалык объектилердин техникалык абалы жана жогорулатылган жүктөм шарттарында иштөөгө

“Коопсуз шаардан” түшкөн акчанын жарымы тез жардам унааларын сатып алууга жумшалат

“Коопсуз шаардан” түшкөн акчанын жарымы тез жардам унааларын сатып алууга жумшалат

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” системасынын алкагында түшкөн айып пулдардан калган каражаттын 50%ы тез жардам унааларын сатып алууга жана аларды медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат. Тиешелүү өзгөртүүлөр Министрлер кабинетинин “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар”компонентин мындан ары өнүктүрүү боюнча токтомуна киргизилди. Документке ылайык, автоматташтырылган “Укук бузуулардын бирдиктүү реестринде”катталган мыйзам бузуулар

Ош шаардык кеңешинин депутаты кармалды

Ош шаардык кеңешинин депутаты кармалды

Ош шаарындагы “Жибек” балдар бакчасынын жетекчиси жумушка орноштуруу үчүн 25 миң сом пара алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, 17-августта 1988-жылы туулган шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал “Жибек” балдар бакчасына тарбиячы болуп жумушка кирүү үчүн мекеменин жетекчиси

Транспорттук көзөмөл: 7 айда казынага 247 млн сомдон ашык каражат түштү

Транспорттук көзөмөл: 7 айда казынага 247 млн сомдон ашык каражат түштү

Быйыл жети айда транспорттук көзөмөлдөн мамлекеттик казынага жалпы 247 млн 197 миң 785 сом түшкөн. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 107,39%га көп. Белгиленгендей, жыл башынан бери 500 миңге жакын транспорт каражаты текшерилип, анын жыйынтыгында 8 226