Быйыл Ош шаарында 20 миңге жакын көчөт отургузулат
Быйыл Ош шаарына 20 миңге жакын көчөт отургузуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн мэр Жанарбек Акаевдин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын иши менен таанышуусу учурунда белгилүү болду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Ош шаарын жашыл шаарга айлантуу жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү негизги приоритеттүү пландарынын бири экендигин айтып, быйыл шаарды көрктөндүрүү аракеттерине өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
Мэр жаз эрте келгенине байланыштуу көрктөндүрүү иштерин күчөтүүнү жана Алымбек датка көчөсүнөн автобекетке чейин тез арада көчөт отургузууну тапшырды.
Ошондой эле мэр кызматкерлердин айлыгы жакында жогорулатыларын убадалап, куруучуларды жана шаар тургундарын жашылдандыруу иштерине жигердүү катышууга чакырды.
Мэр Жашылдандыруу чарбасынын күнөсканасын көрүп, гүлдөр менен көчөттөрдү сырттан сатып албай, өстүрүүнү тапшырды. Бул каражатты үнөмдөөгө жана ишкананы кирешелүү кылууга багытталган.




