Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатында экинчи орунду алышты

Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатында экинчи орунду алышты

Кросс боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатында экинчи орунду алышты.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, 21-февралда жеңил атлетика боюнча КРнын улуттук курама командасы кросс боюнча 18th Asian Athletics Cross Country Championships Fukuoka 2026 аталышындагы мелдешке катышып, күмүш медаль багындырышкан. Мелдеш Япониянын Фукуока шаарында өткөн.

Курама командада жөө күлүктөр - Нурсултан Кенешбеков, Жусуп Сулайман уулу жана Тилекжан Жекшеналы уулу 10 чакырым аралыкта чуркап, күч сынашкан.

Биринчи орунду Япониянын курама командасы ээлесе, үчүнчү орунду Кытай Эл Республикасынын курама командасы камсыздай алган.

Мындан тышкары окуңуз

Министр Талантбек Солтобаев Ысык-Көлдө жол курулуштарын текшерди

Министр Талантбек Солтобаев Ысык-Көлдө жол курулуштарын текшерди

21-февралда Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын алкагында министр "Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол" автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Жолдун 87–140-чакырым аралыгындагы тилкелерде, анын ичинде көпүрөлөрдө аткарылып жаткан жумуштар текшерилди.

Онлайн соода менен алектенгендер ЭЭФтин жаңы формасын үйрөнүштү

Онлайн соода менен алектенгендер ЭЭФтин жаңы формасын үйрөнүштү

Мамлекеттик салык кызматы электрондук соода аянтчаларынын өкүлдөрү жана электрондук сооданын катышуучулары (селлерлер) үчүн окутуучу семинар өткөрдү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Иш-чарага Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков, электрондук соода аянтчаларынын, тигүү тармагынын жана профилдик ассоциациялардын өкүлдөрү катышты. Жолугушууда катышуучуларга электрондук эсеп-фактуранын (ЭЭФ) жаңы формасы сунушталып, аны колдонуунун өзгөчөлүктөрү

Фермерлерге мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары үйрөтүлдү

Фермерлерге мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары үйрөтүлдү

Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту KOPIA борбору менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат жана Кара-Кулжа райондорунда 17-19-февраль күндөрү мазмундуу жана практикага багытталган окуу семинарлары өткөрдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Семинарлар айыл чарба малдарын туура багуу, рационалдуу тоюттандыруу жана жасалма жол менен уруктандыруу багытында фермерлердин жана тармак

Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

24-февралда Бишкек шаарында дебитордук карызы бар 6 миңден ашык абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт, - деп билдирет Бишкек электр тармактар ишканасы. Ишкана абоненттерди ыңгайсыздыктарга кабылбоо үчүн эсептерди өз убагында төлөөгө чакырат. Өздүк эсепти ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" рубрикасы аркылуу онлайн текшерүүгө болот. Тиричилик абоненттери балансты "Менин жарыгым&