Сокулукта 750 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат
Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги Сокулук районунун Кашка-Баш айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушун баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, билим берүүчү жай заманбап үлгүдөгү 3 кабаттуу, 5 блоктон турган имарат болуп курулат. Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган.
Курулуш иштерин Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөп, башкы подрядчы катары "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы иш алып барууда. Учурда жер казуу иштеринин аякташы менен имараттын пайдубалын куюу этабы жүрүп жатат.