Былтыр диний себептерден улам эмдөөдөн баш тарткандар 43%га төмөндөгөн

Былтыр диний себептерден улам эмдөөдөн баш тарткандар 43%га төмөндөгөн

Республикалык иммунопрофилактика борбору Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен 13 вакцина боюнча фатва чыгаруу маселесин карап жатканын Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу борбордун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, эмдөө календарына ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркайлар төрөлгөндөн кийинки алгачкы 24 саат ичинде төрөт үйүндө эмделет, андан кийин бир жашка чейин баштапкы деңгээлде эмдөө жүргүзүлөт. "Төрөт үйлөрүндө эмдөө деңгээли 90%дан жогору. Жыл сайын 145 миң бала эмделет. Бирок ошол эле ата-энелер 2,5 айлык жана 5 айлык курагында эмдөөдөн баш тартып жатышат", — деди ал.

Буга чейин Министрлер кабинети, КМДБ жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте эмдөөнүн пайдалуулугу боюнча фатва чыгарылып, резолюция кабыл алынган. Эгер мурда диний себептер менен эмдөөдөн баш тарткандар 78%га чейин жетсе, учурда бул көрсөткүч 43%га чейин төмөндөгөн. Бирок жаш ата-энелер арасында социалдык тармактардагы туура эмес маалыматтардан улам эмдөөгө ишенбөөчүлүк 20%дан 40%га чейин өскөн.

Эгер 2024-жылы 19 миң адам эмдөөдөн баш тартса, 2025-жылы алардын саны 15 миңге чейин азайган. Бул имамдар менен даректүү иш алып баруунун натыйжасы экени белгиленди.

Сурамжылоонун жыйынтыгында жаш ата-энелер эмдөө боюнча бир гана жалпы фатва чыкканын, ар бир 13 вакцина боюнча өзүнчө фатва керек экенин айтышкан. Бул багытта КМДБ жана Дин иштери боюнча улуттук комитет менен иш жүргүзүлүүдө.

Фатва — бул муфтий же ислам аалымы тарабынан Куран, сүннөт жана шариаттын негизинде белгилүү бир маселе боюнча берилген диний-укуктук корутунду.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү