Чет өлкөгө ишке орноштуруучу мыйзамдуу агенттиктердин тизмеси жаңыланды
Кыргызстанда жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча мыйзамдуу агенттиктердин тизмеси жаңыртылганын Чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору маалымдады. Тиешелүү чечимди ведомстволор аралык комиссия кабыл алган.
Комиссия Түркия, Германия, Болгария, Словакия жана Перс булуңундагы өлкөлөрдө иштөө үчүн уруксат берүү, узартуу жана жокко чыгаруу боюнча арыздарды карады. Жалпысынан 28 компания боюнча чечим чыгарылып, алардын көпчүлүгүнө бир жылдык мөөнөткө иш жүргүзүүгө уруксат берилди.
Түркияга жумушчуларды жөнөтүүгө "Камелотт", "Флай Джоб" жана "Прайм Тревел" агенттиктери уруксат алды. Германияга жарандарды ишке жөнөтүү менен "Скилл Вэй Консалтинг" жана "Аслан Жобагентур 1" компаниялары алектенет.
"Медиа Центр" жана "ИЛЦ" агенттиктери кошумча шарттар менен лицензия алышты. Алар белгиленген мөөнөт ичинде ошол талаптарды аткарууга милдеттүү.
Словакияга кыргызстандыктарды жөнөтүп келген "Азия КейДжи Консалт" жана "Консалтинговая компания Евразия" компанияларынын уруксаттары узартылды. Ал эми "Ворк Тайм Консалтинг" компаниясы Бириккен Араб Эмираттарына, Катарга жана Кувейтке жумушка жөнөтүүнү улантат.
"Тугезе Рекрутмент" компаниясына жарандарды Хорватияга ишке жөнөтүү боюнча лицензия берүүдөн баш тартылды.