Бишкекте 12 миллион сомдук алдамчылыкка шектүүлөр кармалды
20-февралда Свердлов РИИБине 1955-жылы туулган Л.К. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар алдоо жана ишенимге кирүү жолу менен 12 млн сом акчасын ээлеп алышкан.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек РИИББинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2007-жылы туулган Т.К., 2006-жылы туулган А.М. жана 2003-жылы туулган А.К. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалды.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалгандар Бишкек РИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда окуянын бардык жагдайларын жана башка адамдардын мүмкүн болгон тиешесин аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.